Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

"Telegram" мессенжери биринчи жолу ири нааразылык акциясын өткөрдү


"Telegram" мессенжеринин эмблемасы кагаздан жасалган учакка окшош.
"Telegram" мессенжеринин эмблемасы кагаздан жасалган учакка окшош.

Жекшемби күнү кечинде "Telegram" мессенжеринин колдонуучулары Орусиянын Роскомнадзор ишканасынын чектөөсүнө каршы нааразылык акциясын өткөрдү.

"Telegram" орусиялык өзүнүн колдонуучуларын үйдүн терезелеринен сыртка кагаздан жасалган учактарды учурууну сунуштады. Бул сунуш мессенжердин расмий аккаунтунан таратылган. Ал билдирүүдө каршылык "Телеграмдын" Орусияда чектөөгө алынганынын жети күндүгүнө карата өткөрүлүп жатканы айтылган.

Орусиянын атайын кызматы (ФСБ) "террористтер да сүйлөшүү үчүн колдонот" деген негизде "Телеграм" компаниясынан кат алышуунун ачкычтарын берүүнү талап кылган. Купуялыкты 100% сактоону убада кылып келген компания мындай талапты аткаруудан баш тарткан.

Москванын Таганск райондук соту 13-апрелде "Telegram" түйүнүн Орусиянын аймагында жабууну чечкен. Буга байланыштуу Роскомнадзор 16 миллиондон ашуун IP-даректерди блоктоду. Мындан өлкөдөгү банктар, Интернет дүкөндөрү жана башка онлайн-кызмат көрсөткөн сайттар жабыркаган.

Иши чектелгенине карабай Орусияда "Телеграмды" колдонгондордун катары көбөйүп жатат. Тагыраагы, мессенжер блоктолгон күнү, 16-апрелде telegram.org сайтына Орусиядан 1,2 млн. интернет-колдонуучу кирген. Ал эми анын тиркемесин көчүргөндөр бир жумада эки эсе көбөйүп, 102 миңден ашкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG