Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 17:10

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештеги 30 миң доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши тергелип бүтө электигин “Азаттыкка” билдирди. Мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, тергөөнүн алкагында көрсөтмөлөр алынып жатат.

Быйыл февралда КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы ачыкка чыккан.

Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда колуна алганы белгилүү болгон. Закиров парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы айтылган.

Кийин Турсунбеков жана Шадиев бир нече ирет суракка чакырылган. Шадиев буга байланыштуу өкмөттөгү кызматын тапшырган. Ал учурда ооруканада дарыланып жатканы белгилүү.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура Арсен Закировго Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгоп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийин ушул эле беренелер боюнча Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна да иш козголуп, эч жакка чыкпоо талабы коюлган. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG