Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

ЖК депутаты Тиллаев комитет жетекчилигинен кетти


Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев спикердин атына тармактык комитеттин башчылык ыйгарым укуктарын токтото тургандыгы жөнүндө кат жолдоду. Бул тууралуу депутат комитеттин кезектеги жыйынында билдирди. Аны парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзамга ылайык, Бюджет жана финансы боюнча комитетти оппозициянын өкүлү жетектөөгө тийиш. "Республика – Ата Журт" фракциясы парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамына кирди. Мен ошол фракциянын мүчөсү болгондуктан, өз ыйгарым укуктарымды тапшырууну чечтим", - дедиТиллаев.

Өткөн аптада парламент ишеним көрсөтпөгөндүктөн Сапар Исаков баштаган өкмөт кызматтан кеткен. Ошондон кийин парламенттеги “Республика - Ата Журт” (РАЖ) фракциясы көпчүлүк коалицияга кошулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG