Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Бишкек шаардык кеңеши 9 миң сомдук көчөт маселесин карайт


Бишкек шаардык кеңешинин Архитектура, жер жана шаар куруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы ар бири 9 миң сомго бааланган кочөттөр боюнча маселени карайт. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын өкүлү Рысбай Аматов “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, кымбат көчөттөр боюнча бир дагы депутаттын кабары болгон эмес.

- Сатып алуу болуп жатат, 14-15 миң сомдон болуп жатат деген маалымат келген. Чоң бактар деп ойлогонбуз. Кичине көчөттөр ушундай чоң баада экенине ишенген эмеспиз. Бул маселе турак жай-коммуналдык түзүлүш боюнча комиссияда талкууланды. Эми бардык туруктуу комиссия карап, кийинки сессияга алып чыгабыз. Буга биз өз баабызды беребиз.

Буга чейин Бишкек мэриясынын алдындагы “Жашылдандыруу курулуш” (“Зеленстрой”) муниципалдык ишканасы коомчулук кызуу талкуулап жаткан 9 миң сомдук көчөттөр атайын комиссиянын, экологдордун сунушу менен алынганын билдирген. Аталган ишкана чет жактан жалпысынан 13 миллион 763 миң сомго бак-дарактардын алты түрүн сатып алган. (КЕ)

Мэрия тогуз миң сомдук көчөттү көрсөттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

XS
SM
MD
LG