Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

Сеул Пхеньянга багытталган үгүт берүүлөрүн токтотту


Түштүк Корея армиясынын аскерлери үгүт берүүлөрүн камсыз кылган жабдууну жөнгө салып жатышат. 08.1.2016.
Түштүк Корея армиясынын аскерлери үгүт берүүлөрүн камсыз кылган жабдууну жөнгө салып жатышат. 08.1.2016.

Түштүк Корея Түндүк Корея менен чек арасындагы үн күчөткүчтөр аркылуу уктурулган үгүттүк берүүлөрдү убактылуу токтотуп жатканын билдирди. Мындай чечим эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунун алдында кабыл алынды.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги бул кадам "эки мамлекеттин ортосундагы аскердик чыңалууну азайтууну" көздөй тургандыгын 23-апрелде кабарлады.

Президент Мун Чжэ Ин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 27-апрелде жолукканы жатат. Бул акыркы он жылдагы эки өлкө лидерлеринин алгачкы кездешүүсү болмокчу.

20-апрелде Ким Чен Ын Түндүк Корея баллистикалык ракеталарын сыноосун токтотуп жатканын, өзөктүк сыноо жүргүзгөн атайын полигонун да жабаарын билдирген.

Түндүк Кореяга багытталган үгүт берүүлөрү 1963-жылы башталган. Ортодо бул берүүлөр бир нече жолу убактылуу токтотулган.

XS
SM
MD
LG