Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

ИИМ: Турсунбаева менен Арстанбекованын арыздары каралууда


ИИМ.
ИИМ.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нуркан Турсунбаев менен акын жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Байкоочу кеңешинин мүчөсү Бүбүайша Арстанбекованын арыздарын териштирүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Адыл Оморов “Азаттыкка” кабарлады.

- Экөөнүн ортосундагы келишпестиктен улам эки жак тең арыз жазышкан. Учурда эки арыз тең каралып жатат, - деди ал.

Буга чейин актердун жубайы Жыпаргүл Турсунбаева Т. Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында, “Күйөө бала” спектаклине даярданууга бараткан күйөөсүнө акын Бүбүайша Арстанбекова кол көтөрүп, сумкасы менен башка-көзгө койгулаганын айткан. Анын айтымында, мээси чайкалып республикалык ооруканада дарыланууда.

- Нуркан Турсунбаевге эч себепсиз кол көтөрдү. Менин Маданият министрлигиндеги башаламандык туурасында кайрылганыма анын эч тиешеси жок болчу. Нуркан агайыңарга Эл артисти наамын берүү боюнча арыз жазганбыз, бирок анын эмгеги көз жаздымда калды. Анын таламын талашып жогорку инстанцияга суббординацияны сактап кайрылууга туура келди. Бардык кайрылуубуз айланып келип министрликке келип түшүп, тыянак чыккан жок. Ошондуктан укук коргоо органдарына кайрылганга туура келди. Укку коргоо органдары чынында эле жалган документтер менен, жалган сунуштар менен бир топ адамдар сыйлык алганын далилдеп таап чыгышты.

Бүбүайша Арстанбекова жогоруда айтылгандарды төгүндөп жатат.

- Булар мага асылганына эки жыл болду. Ага көңүл деле бурган эмесмин. Андан кийин прокуратурага арыз беришти, "диплому жараксыз" деп. 6-майда чыгармачылык кечемди өткөрөйүн деп "Курманжан Датка" поэмасын аткартайын, актерлор менен сүйлөшөйүн деп Кыргыз драма театрына баргам. Ошол жактан жолуктуруп калдым. Анан "байке, аксакал болуп туруп мени жамандаганыңыз болбойт" десем мени жаман сөздөр менен тилдеп туруп, бутума бир тепти. Чөнтөгүнөн бычакты алды. Мен коркконуман бычакты сумкам менен тостум. Калганын билбейм.

Арстанбекова өзу да кан басымы жогорулап кеткенин “Азаттыкка” билдирди.

XS
SM
MD
LG