Түндүк Кореядагы автобус кырсыгынан 32 кытайлык турист жана төрт түндүк кореялык мерт болду. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү 23-апрелдеги басма сөз жыйынында билдиргендей, окуя Пхеньяндын түштүк тарабындагы Хванхэ-Пукто провинциясында бир күн мурда болгон.
Мамлекеттик телеканалдар түндө окуя болгон жерде тартылган видеону көргөзүштү. Анда автобус ала салып кеткени, жаан жаап жатканы көрүнүп турат.
Кытай оор абалда жаткан эки жаранына жардам көрсөтүш үчүн дарыгерлерди жана дипломаттарды коңшу өлкөгө жөнөттү.
Кытай - Түндүк Кореянын негизги соода өнөктөшү. Бул авторитардык өлкөгө барган туристтердин башкы сабында кытайлыктар турат.