Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

Мурдагы губернатор Айжигитов өспүрүмгө кол көтөрдү деп айыпталууда


Баткен облусунун губернатору Султанбай Айжигитов.
Баткен облусунун губернатору Султанбай Айжигитов.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов өспүрүм балага кол көтөргөн деп айыпталууда.

Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, 2017-жылы сентябрда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын тургуну 55-60 жаш чамасындагы адам анын небересине кол көтөрүп, денесине ар кандай жаракат келтиргенин билдирип арыз жазган.

Бул окуяга байланыштуу соттук-экспертиза дайындалып, анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси боюнча (“Бейбаштык”) кылмыш иши козголгон.

- Айыпталуучу, ушул эле айылдын жашоочусу С.А бир нече жолу тергөөгө чакырылып, келбегенине байланыштуу 11-апрелде издөө жарыяланган. Ошондон кийин ал тергөө кызматына келип, кылмыш иши тергелип сотко жөнөтүлдү, - деди Чүй ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева.

Мындан мурдараак “Азаттыкка” Татина Кыдырбаева аттуу жаран кайрылып, 11 жаштагы небересине кол көтөргөн адам Султанбай Айжигитов экенин, ал баласын муунтуп, анын айынан небереси убагында шилекейин жута албай, стресске кабылганын билдирген. Кадырбаева укуктары корголбой жатканын айтып, президентке да кат жазганын кошумчалады.

Айжигитов бул маалыматтарды төгүндөп, муну атайын уюшулган чагым деп атады. Ошол эле учурда мектептеги акча чогултууну өз алдынча иликтеп жүргөнүн, анда Военно-Антоновка орто мектебиндеги көмүскө каражаттар аныкталганын “Азаттыкка” кабарлады. Ал бул ишти аягына чейин алып барарын билдирип жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG