Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Иран криптовалюталарга тыюу салды


Биткоиндин белгиси.
Биткоиндин белгиси.

Ирандын бийлиги өлкө аймагындагы банктар менен финансылык институттарга криптовалюталарды колдонууга тыюу салды.

"Өлкөнүн бардык валюталык жана финансылык борборлорунда биткоинди жана башка криптовалюталарды колдонууга тыюу салынат" деп айтылат Ирандын Борбордук банкы 23-апрелде тараткан билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди өкмөттүн Финансылык көз боёмочулукка каршы комитети декабрда кабыл алган. Азыр ал чечим күчүнө кирип жатат.

Борбордук банк виртуалдык валюталар террорчулукту каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган каражаттын изин жашыруу үчүн колдонулушу мүмкүн экенин белгиледи.

Ошол эле учурда көптөгөн ирандыктар криптовалюталарды эл аралык санкциялардан улам пайда болгон кыйынчылыктардан чыгуунун альтернативдүү жолу катары карашаарын эксперттер белгилешет.

XS
SM
MD
LG