Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Арменияда оппозиция лидери бошотулду


Премьер-министр Серж Саргсян (солдо) оппозиция лидери Никол Пашинян менен сүйлөшүүсүнөн үч мүнөткө жетпей чыгып кеткен, 22-апрель 2018-жыл.
Премьер-министр Серж Саргсян (солдо) оппозиция лидери Никол Пашинян менен сүйлөшүүсүнөн үч мүнөткө жетпей чыгып кеткен, 22-апрель 2018-жыл.

Арменияда жекшембиде кармалган үч оппозициячыл депутат Никол Пашинян, Сасун Микаелян жана Арарат Мирзоян бошотулду. 11 күндөн бери премьер-министр Серж Саргсянга каршы демонстрацияларды баштап жүргөн Никол Пашинян армян вице-премьери Карен Карапетян менен сүйлөшкөнүн, анын жыйынтыгы тууралуу бүгүн Еревандагы митингде айтып берерин билдирди.

Оппозициячыл депутат өкмөт башчы Серж Саргсян менен жекшембиде сүйлөшүү өткөргөндөн көп өтпөй демонстрация учурунда кармалган. Премьер-министр оппозиция аны “шантаж кылып жатат” деп үч мүнөткө жетпей сүйлөшүүдөн чыгып кеткен.

Бүгүн армян баш калаасында жүрүшкө чыккан он миңдеген демонстранттарга ондогон аскер кызматкерлери да кошулду. Аскердик кийим кийгендер кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, аскердик бөлүктө кызмат өтөп жатышканын, бирок "эл менен болууну" чечишкенин айтып беришти.

Ереванда бүгүнкү жүрүштөрдөн улам борбордук көчөлөрдүн көбүндө жол кыймылы үзгүлтүккө учурады. Демонстранттар шаардын ар кыл райондорунда жолду тороп, автоунааларды өткөрбөй жатат.

Армениянын үчүнчү чоң шаары Ванадзордо "Глория" деп аталган кийим тигүүчү фабриканын кызматкерлери иш да ташташты.

Армениядагы ири демонстрацияларга Серж Саргсяндын 9-апрелде президенттиктен кетип, 17-апрелде премьер-министрликке шайланышы себеп болду.

XS
SM
MD
LG