Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Ырчы Газиева Абылгазиевдин кызы эмес


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эстрада ырчысы Айжан Газиева премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызы эмес. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Эсенгул уулу "Фейсбук" баракчасына жазды. Анын айтымында, ырчы өкмөт башчынын бир тууган агасынын кызы.

- "Ырчы Айжан Газиева премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызы" деп айтылып жүрөт, бул чындыкка дал келбей турган маалымат. Айжан Газиева өкмөт башчынын бир тууган агасынын кызы.

Буга чейин айрым маалымат булактар Газиева премьер-министр Абылгазиевдин кызы экенин жана анын энеси менен ажырашканына көп болгонун жазышкан.

20-апрелде өкмөт башчылык кызматка Мухаммедкалый Абылгазиев дайындалган. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш жактырып, мамлекет башчы жарлык чыгарды. Абылгазиев кызматты аткарууга 21-апрелде киришти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG