Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Кэмбриж герцогинясы уул төрөдү


Падышалык үй-бүлөдө жаңы ымыркай төрөлгөнүн Кенсингтон сарайы жарыялады.
Падышалык үй-бүлөдө жаңы ымыркай төрөлгөнүн Кенсингтон сарайы жарыялады.

Улуу Британиянын ханзаадасы Уильямдын жубайы, Кэмбриж герцогинясы Кейт Миддлтон уул төрөдү. Тактынын мураскерлеринин бешинчи сабына кошулган ымыркай ханзаада Лондондогу Ыйык Мария төрөтканасында дүйшөмбүдө жергиликтүү убакыт боюнча 11:01де жарык дүйнөгө келгенин, салмагы 3,8 килограмм экенин Кенсингтон сарайы кабарлады.

Расмий маалыматта ханзаада Уильям төрөткө катышканы, ымыркай жана анын апасынын абалы жакшы экени белгиленди.

Ымыркайдын ысымы жакын арада жарыяланат. Наристеге Артур, Алберт, Жеймс, Филип сыяктуу аттар коюлушу мүмкүн деп айтылып жатат.

Уильям менен Кейт буга чейин Жорж аттуу уулду жана Шарлотта атуу кыздуу болушкан.

Уильям менен Кейттин тун уулу Жорж 2013-жылдын июль айында жарык дүйнөгө келген.
Уильям менен Кейттин тун уулу Жорж 2013-жылдын июль айында жарык дүйнөгө келген.

XS
SM
MD
LG