Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 13:05

Торонтодо автоунаа сүзүп кеткен тогуз киши мерт болду


Мерт болгондордун бири Торонтодогу кырсык болгон жерде жатат.

Канаданын Торонто шаарында белгисиз айдоочу автоунаасын тротуарга айдап, анын айынан тогуз киши көз жумду. Машине тебелеп кеткен дагы 16 киши оор жарадар болду.

Автоунаанын айдоочусу окуядан кийин дароо эле кармалды. Полиция анын аты-жөнү, жаш курагы жана кылмышка барган себеби тууралуу маалымат бере элек.

Күч кызматтары факт иликтенип жатканын кабарлады. Буга байланыштуу полиция окуя болгон районду бир нече күнгө жапты. Транспорттордун күнүмдүк кыймылы жакынкы көчөлөргө жылдырылып турат.

Окуянын күбөлөрү автоунаа тебелеп кеткен учурда тартылган сүрөттөрдү Интернетке жарыялашты. Анда бир нече адам жерде жатканын көрүүгө болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG