Бишкек мэриясынын курулуш жана жер иштетүү башкармалыгы “Көчө-жол тармактарын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасын баштады. Ага ылайык баш калаанын Чыгыш-5 кичирайонунда 348 гараж бузулуп, ордунан алынды. Натыйжада 15 миң чарчы метр жер бошотулду.
Бишкектин мэриясы билдиргендей, темир гараждардын ээлерине буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ага карабай алгысы келбегендердики бузулган. Бир тобу ыктыярдуу түрдө көчүрүп кеткен.
Төрөкул Айтматов көчөсүн кеңейтүү боюнча жүрүп жаткан долбоор Кытай кайтарымсыз негизде берген акчанын эсебинен ишке кирген.
Бишкек шаардык курулуш жана жер иштетүү башкармалыгы жолду оңдоо жана кеңейтүү үчүн мындан башка да гараждар бузулуп, алынаарын эскертти. (ErN)