Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Кыргызстан Чили жана Сербия менен виза режимин жеңилдетет


Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.
Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.

Кыргызстан Чили жана Сербия менен виза режимин жеңилдетет.

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети "Кыргыз өкмөтү менен Сербия өкмөтүнүн ортосундагы жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашуу тууралуу ратификациялык мыйзам долбоорун" үчүнчү окууда жактырды. Ушундай эле эки тараптуу келишим Чили өкмөтү менен да түзүлүүдө. Бул тууралуу 24-апрелде парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Келишим шарттарына ылайык, жарандар аталган мамлекеттердин аймактарында 90 күн визасыз жүрө алат.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча азыр отузга жакын өлкө менен ушундай келишим бар. (SE)

XS
SM
MD
LG