Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:25

Көпчүлүк коалиция башкы прокурорлукка Жамшитовдун талапкерлигин жактырды


Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

Парламенттеги көпчүлүк коалиция башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды. Коалиция аны толугу менен колдоду. Депутаттар Жамшитовдун пландарын өзү менен суроо-жооп иретинде талкуулашты. Коалицияда КСДП, "Бир Бол", "Кыргызстан" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары бар.

Ага чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет талапкерди жактырган.

Жамшитовду бул кызматка президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылды. 25-апрелде анын маселеси Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

43 жаштагы Өткүрбек Жамшитов Оштун Кара-Суу районунда туулган. 2015-жылдын июлунан бери Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеп келет.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева президенттин сунушу менен 11-апрелде кызматынан кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG