Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Өткүрбек Жамшитов 30 миң сом маяна менен иштегенин айтты


Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

Башкы прокурорлукка көрсөтүлгөн Өткүрбек Жамшитов Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган кезде 30 миң сом маяна менен иштегенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы анын талапкерлигин карап жаткан учурда билдирди.

Анын айлык акысы тууралуу КСДП фракциясынан Дастан Бекешев сурады. Эл өкүлү прокуратура кызматкерлери айдап жургөн кымбат баалуу автоунааларды мисал келтирип, алар айына 30 миллион сомдой маяна алып жаткандай элес калтырарын айтты. Бекешев муну коррупцияга байланыштырып, башкы прокурлукка көрсөтүлгөн Жамшитовду ушул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурор кызматына президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылды. 24-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет талапкерди жактырды. 25-апрелде анын маселеси жалпы жыйында каралат.

43 жаштагы Өткүрбек Жамшитов 2015-жылдын июлунан бери Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеп келет.

Парламент президенттин сунушу менен мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 11-апрелде кызматтан кетирген. (SE)

XS
SM
MD
LG