Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Клара Кабиловага мандат берүү маселеси чечиле элек


Клара Кабилова - Гүлнара-Клара Самат.
Клара Кабилова - Гүлнара-Клара Самат.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Клара Кабилованын кош жарандыгы бар-жогу иликтенип бүтө элек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова “Азаттыкка” билдирди.

- Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү боюнча, анын орус жарандыгы жок. Орусия мамлекетинен маалымат алыш үчүн Юстиция министрлиги аркылуу кайрылдык, - деди ал.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынан Аида Салянованын ордуна депутат болуп келчүлөрдүн тизмесинде турган Клара Кабилованын орус жарандыгы болушу мүмкүн экени айтылып, айрым активисттер аны тактоону БШКдан өтүнгөн.

Кабилова 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп эмгектенген, мурдагы президент Курманбек Бакиевден ыдык көргөнүн айтып, Орусияда жашап жүргөн. Кийин ысымын өзгөртүп Гүлнара-Клара Самат болгон. Эгер анын кош жарандыгы чын болуп чыкса, мыйзам боюнча парламентке депутат болуп келе албайт. Кийинки тизмеде Ташболот Балтабаев турат. Салянованын мандаты марттын башында алынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG