Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Депутаттар Кыргызстандын АКШдагы элчисине эскертүү беришти


Кадыр Токтогулов.
Кадыр Токтогулов.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Кадыр Токтогуловдун отчетун угуп, ишиндеги кемчиликтери үчүн ага эскертүү берди. Бул тууралуу "Азаттыкка" комитеттин мүчөсү, депутат Абдувахап Нурбаев билдирди:

- Диаспоралар менен иштешүүдөгү, жарандарды кабыл алуу жаатындагы кетирген кемчиликтери боюнча бизге арыз-мүңдар түшүп жатты эле. Ошолорду айтып, эскертүү бердик. Ишин канааттандырарлык эмес деп табуу жөнүндө да сунуш түштү. Бирок эскертүү менен чектелдик.

Нурбаев кошумчалагандай, Кадыр Токтогулов эки жылдан бери депутаттарга отчет бере элек. Эреже боюнча жыл сайын баяндама жасашы керек. Эскертүү Тышкы иштер министрлигине да жөнөтүлдү.

Кадыр Токтогуловдун өзүнөн жана Тышкы иштер министрлигинен бул тууралуу азырынча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

38 жаштагы Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчиси болуп 2014-жылдын этегинде дайындалган. Ага чейин президенттин басма сөз катчысы болуп иштеген. (SE)

XS
SM
MD
LG