Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Жалган маалымат берген талапкерлерди жоопко тартуу жөнүндө сунуш түштү


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Борбордук шайлоо комиссиясы депутат болуш үчүн тапшырган документтеринде жалган же жасалма маалыматтар аныкталган талапкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуш кылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова “Азаттыкка” билдирди.

- Шайлоо мыйзамдарына толуктоо киргизиш үчүн сунушталып жаткан эреже иштелип чыгып, жакында парламентке жиберилет, - деди ал.

Кыргызстан эч бир өлкө менен кош жарандуулук боюнча келишим түзгөн эмес. Ошондой эле мыйзам боюнча чет өлкөнүн жараны депутат, министр, күч органдарынын кызматкери жана муниципалдык кызматтын жетекчиси боло албайт. Бирок аткаминердин кош жарандуулугу билинип калган учурда мандатынан ажырап же кызматынан алынганы болбосо, эч кандай деле жоопкерчиликке тартылбайт. Ал эми шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер болуш үчүн Кыргызстандын жараны экенин көрсөткөн паспорт жана соттолбогону тууралуу негизги документтер жетиштүү.

Быйыл 15-16-февралда Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары 29 киши кармалган. Алардын арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн "Азаттыкка" билдирген.

Андан башка да айрым депутаттардын кош жарандуулугу тууралуу талаш пикирлер айтылып жүрөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG