Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевага элдин сот адилеттигине болгон ишенимин калыбына келтирүүнү сунуш кылды. Мамлекет башчы Токбаеваны 24-апрелде кабыл алды.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча маселелерге көңүл бурду.
Ал жарандар арасында социалдык сурамжылоолордун жыйынтыктары боюнча сот бийлигинин органдары Кыргызстандагы эң коррупциялашкан органдарга кошулганын белгиледи.
Кыргызстанда коомчулукта жана жарандык активисттер арасында сот адилеттигине ишенбөөчүлүк маанайы ачык айтылып жүрөт. (SE)