Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

КТРКнын жетекчилиги Еревандагы окуяларга көңүл бурбаганы үчүн сынга кабылды


КТРК.
КТРК.

Бүгүн 24-апрелде коомдук ишмер Эдил Байсалов "Твиттердеги" баракчасында Коомдук телерадиокорпорациянын жетекчилигин Армения окуяларына көңүл бурбаганы үчүн кескин сынга алды.

"КТРКнын жаңылыктарында Армения тууралуу бир да сөз жок. Дүйнө, чөлкөм же өлкө тууралуу эч нерсе жок. Жалаң эле бала бакчалар, койлор, эт, мектептеги тамактануу жөнүндө. Илим Карыпбеков кызматтан кетиш керек!" деп жазылган Байсаловдун баракчасында.

КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков Байсалов "жумурткадан кыр издегендердин бири" деген таризде сынга жооп кайтарып, КТРКнын бир да чет элдик кабарчысы жок экенин айтып актанды. Ал Эдил Байсаловдун дооматтарын төгүндөп, КТРКнын эфири күнүнө ВВС маалымат кызматы даярдаган 40 мүнөттүк эл аралык баяндарга орун берерин эске салды.

"Биздин BBCдеги өнөктөштөрүбүз эл аралык кабарларды атайын биздин чөлкөмдүн талаптарын эске алып даярдайт. BBC төрт күндөн бери жаңылыктарынын басымдуу бөлүгүн Арменияга арнап, ал жактагы кырдаалдын өнүгүүсүнө дыкат көз салып турат", - деген Карыпбеков анын кызмат мөөнөтү 2019-жылдын 19-мартында аяктарын айтып, андан ашык бул кызматта иштебей турганын жазды.

XS
SM
MD
LG