Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

БУУ армяндарды сабырдуулуукка жана диалогго үндөдү


Антонио Гутерреш.
Антонио Гутерреш.

БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш Армениядагы тынч жол менен өтүп жаткан окуяларга көңүл буруп, бийликти жана оппозицияны мындан ары да сабырдуу болуп, адам укуктарын жана мыйзамды сактап, сүйлөшүүгө үндөдү.

Дүйнөлүк уюмдун сайтына жарыяланган билдирүүдө Гуттериш Армениянын өзүндө жана жалпы эле чөлкөмдө тынчтык менен туруктуулукту сактоонун маанисин баса белгилеген.

Улуттар Уюмунун баш катчысы буга чейинки ЕККУнун Тоолуу Карабакта кырдаалды курчутуудан алыс болууга чакырганына кошулду.

Дүйшөмбүдө Арменияда премьер-министр Серж Саргсян кызматтан кеткенин жарыялагандан көп өтпөй министрлер кабинети чукул жыйынга чогулуп, анда өкмөт башчынын ыйгарым укуктары анын биринчи орун басары Карен Карапетянга жүктөлдү.

Серж Саргсян 9-апрелде президенттиктен кетип, 17-апрелде премьер-министрликке шайланган. Анын кайра бийликке келишине каршы нааразылык акциялары 11 күн бою тынбай өттү.

XS
SM
MD
LG