Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 06:30

13 өлкөнүн укук коргоочу уюмдары "Google", "Amazon", "Microsoft" жана "Apple" компанияларына кат жазып, Орусиядагы "Telegram" каналына бөгөт коюуну жана Интернетти чектөөнү айыпташты.

"Telegram" каналынын адвокаты, “Агора” эл аралык уюмунун жетекчиси Павел Чиков мындай мазмундагы катты өзүнүн "Telegram" каналына жазды.

Каттын авторлору мессенжерге бөгөт коюуну орус бийлигинин "сөз эркиндигине чабуулу" деп аташкан.

Катка Орусиянын, Британиянын, Израилдин, АКШнын, Ирландиянын, Египеттин, Колумбиянын, Аргентинанын, Венгриянын, Кениянын жана Түштүк Африканын укук коргоочулары кол коюшкан.

Орусиянын атайын кызматы (ФСБ) "Телеграм" компаниясынан кат алышуунун ачкычтарын берүүнү талап кылган. Купуялыкты 100% сактоону убада кылып келген компания мындай талапты аткаруудан баш тарткан.

Москванын Таганск райондук соту 13-апрелде бул түйүндү Орусиянын аймагында жабууну чечкен. Буга байланыштуу Роскомнадзор 16 миллиондон ашуун IP-даректерди жапкан. Мындан өлкөдөгү банктар, Интернет дүкөндөрү жана башка онлайн кызмат көрсөткөн сайттар жабыркаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG