Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Мэрия: Албек Ибраимов кызматтан кетүүгө камына элек


Бишкектин мэри Албек Ибраимов жана президент Сооронбай Жээнбеков ишембилик учурунда. 24-март, 2018-жыл.
Бишкектин мэри Албек Ибраимов жана президент Сооронбай Жээнбеков ишембилик учурунда. 24-март, 2018-жыл.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов кызматын тапшырууга камынып жатканы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Калперизат Айдарбекова "Азаттыкка" билдирип, шаардын жетекчиси ушул күндөрү Бишкектин 140 жылдык мааракесине даярдык көрүү менен алектенип жатканын билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда "Албек Ибраимов кызматын тапшырууга арыз жазганы, шаардын 140 жылдык майрамы өткөндөн кийин иштен кетери" тууралуу айың кеп тараган.

Бишкек шаарынын мааракеси 29-апрелде өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG