Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

Жусуп Абдрахманов жөнүндө фильм тартууга сынак жарыяланды


Жусуп Абдырахманов.
Жусуп Абдырахманов.

Көрүнүктүү мамлекеттик-коомдук ишмер Жусуп Абдырахманов жөнүндө даректүү тасма тартыш үчүн кинорежиссерлор арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу аны уюштуруп жаткан «Аскар Салымбековдун фонду» кабарлады.

“Сынактын максаты – залкар коомдук жана саясий ишмер тууралуу даректүү фильм тартуу аркылуу кино тармагында кесипкөйлүктү, новаторлукту, инновациялык идеяларды, жаңы технологияларды колдонууну өнүктүрүү. Жусуп Абдрахмановду улуттук лидер катары бейнесин ачып, кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоодо келечек муундардын мекенчилдик сезимин ойготуу”,- деп айтылат маалыматта.

Тасманын сценарийи Т.Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын көркөм кеңешинде кабыл алынган жана кыргыз тарыхчылары тарабынан жактырылган.

Конкурска катышууну каалаган кинорежиссерлор 2018-жылдын 1-июлуна чейин "Аскар Салымбеков фондуна" кайрылса болот.

Жусуп Абдырахманов 1901-жылы Ысык-Көл облусунда төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири катары белгилүү. 1938-жылы репрессияга кабылып, атылган. 1991-жылы сөөгү Бишкектин четиндеги Ата-Бейит көрүстөнүнө кайра коюлган. (BOr)

XS
SM
MD
LG