Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Алтынбек Сулайманов: Текебаевдин иши кайра каралышы керек


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал "Азаттык" менен болгон маегинде айтты:

- Ал маселе азыр коомчулукта көтөрүлүп жатат. Ал кишинин маселесин башынан караса деген ойдомун. Туура эмес иштер болгонун коомчулук көрүп турат да. Бул жеке позициям. Ишин башынан караса, туура болот эле. Ал киши менен бир убактарда каршы болуп турган мезгилдерибиз болду. Ал деле адилеттүүлүк үчүн болчу. Азыр деле адилеттүүлүк үчүн айтышым керек, ал кишинин ишин караш керек.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, 2017-жылдын февралында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Өмүрбек Текебаев №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Өздөрү жана партиялаштары муну мурдагы бийликтин саясий буйругу катары сыпаттап келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG