Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Армяндар кыргындын курмандыктарын эскерүүдө


Оппозициячыл депутат Никол Пашинян демонстранттар менен. 23-апрель, 2018-жыл.
Оппозициячыл депутат Никол Пашинян демонстранттар менен. 23-апрель, 2018-жыл.

Армяндар Осмон султандыгы маалындагы коогалаңда кыргынга кабылган кандаштарын эскерип жатышат. Дүйшөмбүдө 10 жылдан ашуун бийликте туруп, кайра өкмөттүн башына келген Серж Саргсян элдин каарынан улам кызматтан кетүүгө мажбур болду.

11 күн бою тынбай өткөн нааразылык демонстрацияларынын башында турган, оппозициячыл депутат Никол Пашинян Еревандагы мемориалдык комплексте өтчү эскерүү иш-чараларына катышат.

25-апрелде Пашинян премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Карен Карапетян менен жолугуп, саясий системадагы кийинки өзгөрүүлөрдү талкуулайт.

Саргсян кызматтан кетээрин өкмөттүн расмий сайтына жарыялаган соң, Пашинян Еревандын борбордук аянтында чогулгандарга кайрылып, жеңишке толук жетмейинче “революция” аягына чыкпай турганын айтты.

Пашинян өз сөзүндө өткөөл мезгилде өкмөт башчынын милдетин аткарып турууга ниетин билдирген. Ал мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүлсө Саргсяндын Республикалык партиясынын үстөмдүгү азайып, өз партиясынын позициясы бекемделет деп ишара кылган. Армениянын 105 орундуу парламентинде Пашиняндын партиясынын тогуз мандаты бар.

Армениянын Конституциясына ылайык өкмөт башчы кызматтан кеткенден кийин парламенттеги фракциялар жети күндүн ичинде жаңы талапкерди көрсөтүшөт. Башкаруучу Республикачылар партиясы Пашиняндын мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү планы тууралуу комментарий берген жок.

XS
SM
MD
LG