Таласта 11-класстын окуучулары менен мурда мектепти бүтүп кеткен уландардын жапырт мушташына катышкандардын биринин абалы оор бойдон турат. Анын саламаттыгы бир калыпта. Бул тууралуу «Азаттыкка» Талас облустук ооруканасынын директору Нурдин Усупбеков билдирди.
20 жаштагы жигитке 23-апрелде бир саатка чукул операция жасалган. Учурда ал реанимация бөлүмүндө дарыланып жатат.
Окуяга тиешеси бар эки бала убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар мектепти былтыр аякташкан.
23-апрелде Талас шаарындагы №5 мектептин 11-классынын окуучулары менен ошол эле мектепти былтыр аяктаган он чакты жигит мушташкан. Бүтүрүүчү класстын эки окуучусу буттарына бычак жеген. Бирөөнүн ичи жараланган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголгонун облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабеков билдирди. (AlS)