Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

АКШ: Иран өзөктүк программасын кайра баштаса кесепети оор болот


АКШ президенти Дональд Трамп Франциянын лидери Эммануэл Макронду тосуп жатат, Вашингтон, 24-апрель, 2018-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп Франциянын лидери Эммануэл Макронду тосуп жатат, Вашингтон, 24-апрель, 2018-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп эгер Иран өзөктүк программасын кайра баштаса “мурда болуп көрбөгөндөй олуттуу көйгөйлөргө туш болоорун” эскертти.

Шейшембиде Ак үйдө Трамп француз президенти Эммануэл Макрон менен жолугушканда 2015-жылкы Иран менен алты чоң державанын ортосундагы макулдашууну “толук кандуу эмес” деди.

Трамп мурдагы президент Барак Обаманын тушунда жетишилген макулдашууну Тегерандын баллистикалык курал программасын жана Ирандын Жакынкы Чыгышта куралчан топторду колдоосун токтото албайт деп баалаган.

“Жакынкы Чыгыштын кайсы гана жерине барбагыла Иран баарынын артында турганы – чоң көйгөй”, - деген Трамп Йемендеги жаңжалды мисал келтирип.

Макрон АКШга аттанаар алдында Ирандын өзөктүк дымагын токтотуу үчүн азыркы келишимден башка план жоктугун ачык айтты.

Трамп менен анын администрация өкүлдөрү Иран баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин “маңызын” бузду деп эсептешет.

Буга байланыштуу АКШ президенти келишимге катышкан Британия, Франция, Германиядан “одоно кемчиликтерин” оңдоону талап кылган. Бул талабы аткарылбаса, келишимден чыгарын да эскерткен.

Ушундан улам бул маселе азыр аталган үч өлкө менен АКШ ортосунда сүйлөшүлүп жатат.

Ирандын президенти Хасан Роухани эгер Вашингтон 2015-жылы жетишилген эл аралык макулдашууну бузса, Кошмо Штаттар ага “өкүнүп калаарын” билдирди.

“Биз алар ойлогондон мыкты даярдыктабыз, эгер алар макулдашууну бузса, бир аптадан кийин жыйынтыгын көрүшөт”, – деди Роухани.

2015-жылы Иран менен дүйнөлүк алты ири мамлекет – АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай кол койгон документте Тегеран өзөктүк тармактагы аракеттерин чектейт, бул үчүн Иран Ислам жумуриятына каршы санкциялар жеңилдетилет деп айтылган.

XS
SM
MD
LG