Беларус президенти Александр Лукашенко Армениядагы "баркыт ыңкылабы" тууралуу өз оюн билдирип, "жалгыз болсок ушинтип сындырышат" деп айтты.
"Чогуу акылга келип, маселени чечкендин ордуна бири-бирибизди төшкө түртүп, жаакка чаап атабыз", - деди беларус лидери парламентке жылдык кайрылуусунда.
БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш Армениянын өзүндө жана жалпы эле чөлкөмдө тынчтык менен туруктуулукту сактоонун маанисин баса белгилеп, бийликти жана оппозицияны мындан ары да сабырдуу болуп, адам укуктарын жана мыйзамды сактап, сүйлөшүүгө үндөдү.
Серж Саргсян Арменияда бийлик башында 10 жыл турса, Александр Лукашенко Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келатат.