Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

Ошто өрттөн жабыркаган эки адамдын абалы оор


Ош шаарындагы 12 кабат үйдөн чыккан өрт. Кырсык 24-апрелге караган түнү катталган.
Ош шаарындагы 12 кабат үйдөн чыккан өрт. Кырсык 24-апрелге караган түнү катталган.

Ош шаарындагы 12 кабат үйдөн чыккан өрттөн жабыркаган алты кишинин экөөнүн абалы дагы эле оор. Бул тууралуу Ош облус аралык бириккен клиникалык ооруканасынын башчысы Шайырбек Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

- Бизге башында алты адам келип түшкөн. Алардын экөө күйүп, жараланганы үчүн биринчи жардамды алгандан кийин эле чыгып кеткен. Азыр калган төртөөнүн абалы жеңил. Ал эми калган эки бейтаптын бири азыр реанимацияда жатат. Мээсине кан куюлуп кеткен экен, нейрохирургиялык операция жасалды. Экинчиси болсо сөөктөрү сынганына байланыштуу травматология бөлүмүнө жаткырылган. Дарылгандан кийин ага бир жума ичинде операция жасалат, - деди Шайырбек Сулайманов

Маалым болгондой, 24-апрелге караган түнү Ош шаарынын Жим көчөсүндө жайгашкан 12 кабат үйдө өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен алты адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Алардын экөө бешинчи кабаттан секирип кеткен.

Тилсиз жоону өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин беш бөлүмүнөн өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар тартылган. Өрт эки сааттан кийин өчкөн. Кырсыктан кийин бешинчи кабаттагы эки батир коридору менен кошо күйүп кеткени маалым болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG