Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:43

Франция менен АКШ Иран боюнча жаңы макулдашуу түзмөй болушту


Эммануэл Макрон жана Дональд Трамп. Вашингтон, 24-апрель 2018.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушкан соң эки тарап Ирандын өзөктүк курал программасы боюнча жаңы макулдашуу иштеп чыгууга токтолушканын билдирди. Француз маалымат каражаттары Макрон менен Трамп Иран менен азыркы макулдашуу боюнча бир пикирге келе алышпаганын белгилешти.

Шейшембиде Ак үйдө француз президенти Эммануэл Макрон менен жолугушканда президент Дональд Трамп эгер Иран өзөктүк программасын кайра баштаса “мурда болуп көрбөгөндөй олуттуу мүшкүлдөргө туш болоорун” эскерткен. Ал 2015-жылкы Иран менен алты чоң державанын ортосундагы макулдашууну “толук жарамдуу эмес” деген.

Трамп мурдагы президент Барак Обаманын тушунда жетишилген макулдашууну "Тегерандын баллистикалык курал программасын жана Ирандын Жакынкы Чыгышта куралчан топторду колдоосун токтото албайт" деп баалаган.

Ирандын президенти Хасан Роухани эгер Вашингтон 2015-жылы жетишилген эл аралык макулдашууну бузса, Кошмо Штаттар ага “өкүнүп калаарын” билдирди.

2015-жылы Иран менен дүйнөлүк алты ири мамлекет – АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай кол койгон документте "Тегеран өзөктүк тармактагы аракеттерин чектейт, бул үчүн Иран Ислам жумуриятына каршы санкциялар жеңилдетилет" деп айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG