Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Армян оппозициясынын лидери митингдерди улантууга чакырды


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Армениядагы оппозициянын лидери Никол Пашинян нааразылык акцияларын улантууга чакырды. Бул тууралуу ал 24-апрелге караган түнү "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Пашиняндын айтымында, бийлик Серж Саргсяндын премьер-министрлик кызматтан кетишин өзү сүрөгөн "Республикачылар" партиясынын башкаруусун сактап калыш үчүн колдонуп жатат.

Никол Пашинян 25-апрелде премьер-министрдин милдетин аткаруучу Карен Карапетян, парламенттин спикери Ара Бабалоян жана көпчүлүк коалициянын башчысы Ваграм Багдасарян телефон чалышын күтөөрүн белгиледи.

25-апрелде Пашинян премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Карен Карапетян менен жолугуп, саясий системадагы кийинки өзгөрүүлөрдү талкуулай турганы айтылган. Кийин Карен Карапетян Пашинян менен 25-апрелге белгиленген жолугушуу болбой калганын билдирген эле.

Дүйшөмбүдө 10 жылдан ашуун бийликте туруп, кайра өкмөттүн башына келген Серж Саргсян элдин каарынан улам кызматтан кетүүгө мажбур болду.

Армениянын Конституциясына ылайык өкмөт башчы кызматтан кеткенден кийин парламенттеги фракциялар жети күндүн ичинде жаңы талапкерди көрсөтүшөт. Башкаруучу "Республикачылар" партиясы Пашиняндын мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү планы тууралуу комментарий берген жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG