Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 23:29

Бүгүн Бишкекте салттуу музыка боюнча жыйын уланат


Салттуу музыка боюнча Бишкектеги жыйындын биринчи күнү тартылган сүрөт. 24-апрель, 2018-жыл.

“Дүйнөлөшүү шартында улуттук өзгөчөлүктү сактоодогу салттуу музыканын ролу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция Бишкекте Улуттук илимдер академиясында бүгүн да уланат.

Кечээ башталган иш-чарада “салттуу музыкалык искусствону изилдөө” жана “маданият, искусство жана дүйнө тааным” деген маселелер каралууда.

Конференция Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата арналган жумалыктын алкагында өтүп жатат. Бул жумалык 21-апрелде башталган.

Анын алкагында салттуу музыка боюнча кароо-сынак, дастан айтышуу, күү күнү иш-чаралары өтүп, “Манасчы” даректүү тасмасы жана “Коркут” драмалары коюлду.

Бүгүн кечинде Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Салттуу музыка жумалыгынын жабылыш аземине арналган оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусство чеберлеринин жана кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнүн гала-концерти менен жумалык соңуна чыгат. (ErN)

XS
SM
MD
LG