Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Жээнбеков: Антка бекем турбагандардын тагдыры кандай болгонун көрдүңөр


Ант берүү учуру.
Ант берүү учуру.

Кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамы 25-апрелде Жогорку Кеңеште ант берди. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Мамлекет башчы антты аткаруу ыйык милдет экенин белгилеп, буга чейинки өкмөт мүчөлөрүнүн тагдырын кайталабаш керек экенин эскертти:

- Өлкөбүздүн эгемендүү тарыхында силерден мурун да өкмөт мүчөлөрү ант беришкен. Бирок анттын ыйыктыгын, маңызын, жоопкерчилигин, касиетин, улуулугун түшүнбөгөндөрдүн, антка бекем турбагандардын тагдыры эмне болгонун көрдүңөр. Ошондуктан, берген антыңарга бекем болгула!

Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев баштаган жаңы курам өз программасын "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп атаган. Парламент 20-апрелдеги жыйынында жаңы өкмөттүн баяндамасын угуп, тутумун жана курамын колдогон.

Өкмөт курамынын тизмесин бул жерден көрүңүз.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, ал 19-апрелде кызматтан кеткен. Премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин КСДП фракциясы көрсөткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG