Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Жамшитовго Румыниянын прокурорунан үлгү алууну сунуш кылышты


Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында. 25-апрель, 2018-жыл.
Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында. 25-апрель, 2018-жыл.

Кыргызстандын башкы прокурорунун кызматына көрсөтүлгөн Өткүрбек Жамшитов Румыниянын прокурору Лаура Кудрицадан үлгү алганы оң. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңеште Жамшитовдун талапкерлиги каралып жаткан кезде депутат Жанар Акаев билдирди.

Эл өкүлү румын прокурору коррупцияга каршы күрөштө тааныш-билиштикке жол бербей, 47 мэрди, 21 мамлектеттик компаниянын башчысын, үч министри камакка алганын, мыйзамды ыйык тутуп, аткаминерлер уурдаган 668 миллион долларды бюджетке кайтарганын мисал келтирди. Ал Кыргызстандын буга чейинки башкы прокурорлору бул тармакка ишенимдин азайышына салым кошушканын белгиледи:

- Өзү прокуратуранын курамында болуп, бандиттик кылгандар тууралуу буга чейин айтып жүргөнбүз. Ошого окшош адамдардын ордун түрмөдө экенин көрсөтүшүңүз керек. Эрктүү болушуңуз керек. Бардык тараптан колдоо бар. Кемчилигиңиз болсо, айтабыз. Элдин прокурорлорго ишеними азайган. Сиз аны калыбына келтирип, Кыргызстанда адилеттүүлүк орношуна салым кошуп, укуктук талаага кайтып келип, саясий буйрукту аткарбай, түз, таза иштеп кетесиз деген ойдомун.

Дагы бир депутат Акылбек Жапаров Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, Казакстандын баш прокурору аткезчиликке каршы жүргүзүп жаткан аракетинен үлгү алса болорун белгиледи.

Жамшитовду бул кызматка президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылды.

43 жаштагы Өткүрбек Жамшитов Оштун Кара-Суу районунда туулган. 2015-жылдын июлунан бери Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеп келет.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева президенттин сунушу менен 11-апрелде кызматынан кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG