Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Жамшитов: ишти прокуратура кызматкерлерин тазалоодон баштайбыз


Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

Кыргызстандын башкы прокурорлугуна көрсөтүлгөн Өткүрбек Жамшитов ишти прокуратура кызматкерлерин тазалоодон баштай турганын билдирди. Бул тууралуу Жамшитов 25-апрелде Жогорку Кеңеште анын талапкерлиги талкууланып жаткан жыйында айтты.

- Биринчиден, прокуратура кызматкерлеринин арасындагы тазалануудан баштайбыз. Коррупция менен күрөштү, кадрдык саясатты, материалдык базаны күчөтөбүз. Бизнести колдоп, мыйзамсыз текшерүүлөрдү токтотобуз.

16-апрелде Башкы прокуратуранын Соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК маалымдаган. Бул фактыдан улам прокуратурадагы жемкорлук маселеси талкууга түшүп, коомчулуктун сыны күчөгөн.

Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурорлукка президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылды. 43 жаштагы Жамшитов Оштун Кара-Суу районунда туулган. Прокуратура тармагында бир катар кызматтарда жүрүп, 2015-жылдын июлунан бери Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеген.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева президенттин сунушу менен 11-апрелде кызматынан кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG