Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Бишкекте троллейбус сүзүп каза болгон аялдын окуясы иликтенүүдө


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бишкекте троллейбус сүзүп кеткен 51 жаштагы аял көз жумду. Окуя 24-апрелде Тоголок Молдо жана Москва көчөлөрү кесилишинде түш ченде болгонун, аял "Тез жардам" келгенче үзүлүп калганын Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Кырсыкты Бишкек милициясы иликтеп жатат.

Баштапкы маалыматарга караганда, аял №8 каттамды аткаруучу троллейбустун жолуна чыгып кеткен.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери 128 адам түрдүү авариялардан улам жашоо менен кош айтышты. (SE)

XS
SM
MD
LG