Ош шаарында 16 мектеп окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү. Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жеңиш Байзаков "Азаттыкка" билдиргендей, жабыркагандар №54 мектептин жогорку классынын окуучулары, жарымы кыздар. Окуя 25-апрелде болду. Балдар Оштогу аймактар аралык клиникалык ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу:
- Бир окуучу белгисиз зат алып келген экен. Ал эмне экенин билбей жатабыз. Тергөөчүлөр иликтей башташты, - деди ал.
Оорукананын башкы дарыгери Шайырбек Сулаймановдун "Азаттыкка" айтканына караганда, окуучулардын бири белгисиз суюктукту чачып жибергенден кийин курдаштары өздөрүн жаман сезе баштаган.
Оорукананын дагы бир дарыгери Назарбай Сагындыктов уулангандар арасында эки мугалим бар экенин билдирди. Бирок Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчи орунбасары Жеңиш Байзаков муну четке кагууда. (SE\YI\MdN)