Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:45

Текебаевдин камерасынан видеокөзөмөл алынды


Абактагы мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев

Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев отурган №47 колониянын камерасынан видеокөзөмөл алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.

Видеокамера мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун видеокөзөмөлдү алып салуу мүмкүнчүлүгүн караштырып чыгуу тапшырмасынан кийин эле алып салынган. Өмүрбек Текебаев отурган бөлмөгө видеокамера коюлганы тууралуу 29-январда белгилүү болгон.

Анда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы муну коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн. Анткени менен укук коргоочулар жана абактагы саясатчы өзү да мындай аракетти кескин сындаган. Текебаев күндүр-түндүр коюлган видеокөзөмөлдү психологиялык кысым катары сыпаттаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG