Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:08

Журналист Саиповдун атасы Аваз Саипов көз жумду

Аваз Саипов. 8-декабрь, 2009-жыл.
Аваз Саипов. 8-декабрь, 2009-жыл.

Киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповдун атасы Аваз Саипов узакка созулган оорудан улам көз жумду. Ал Ошто 25-апрелде өз үйүндө үзүлгөнүн жакындары "Азаттыкка" билдиришти. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты ушул эле күнү өтүп, жерге берилди.

Уулун 2007-жылы белгисиз кишилер атып кеткен соң Аваз Саипов адилеттик издеп бир канча жолу бийликке да кайрылган. Бирок кылмышкерлер табыла элек.

Аваз Саипов катуу ооруп, 2016-жылдын декабрында төшөктө жатып калган эле.

"Азаттыктын" жамааты маркумдун туугандарына көңүл айтат. (SE)

XS
SM
MD
LG