Москванын Адвокаттар палатасынын кеңеши Марк Фейгиндин адвокаттык лицензиясын токтотуп, аны кайра алыш үчүн экзамен берүү укугунан бир жылга ажыратты. Бул тууралуу адвокат Сталина Гуревич маалымат агенттиктерине билдирди.
Гуревичтин айтканына караганда, Фейгинди адвокаттык макамдан ажырытууга анын арызы негиз болгон. Ал "Фейгиндин жүрүм-туруму адвокаттын этикасына туура келбейт" деп Юстиция министрлигине даттанган.
Фейгин орусиялык "Pussy Riot" панк тобунун, Украинанын Жогорку Радасынын ал кездеги депутаты Надежда Савченконун укугун коргогон. Ушул тапта Орусияга чыккынчылык кылган деп айыпталып жаткан украин жараны Роман Сущенконун адвокаты болуп жүргөн.