Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Ош шаарында Иран киносунун күндөрү башталды


Ош шаары.
Ош шаары.

Бүгүн Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинде “Иран киносунун күндөрү” маданий иш-чарасы башталды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан “Азаттыкка” билдиришти.

Кино күндөрүнүн ачылыш аземи бүгүн болот. Саамалыктын алкагында Ош шаарында Иран кинематографисттеринин ондогон тасмалары көрсөтүлөт.

Иш-чараны Ирандын Кыргызстандагы элчилиги уюштурууда. Анын алкагында Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Рузбехани менен ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков эки тараптуу кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшат. (ErN)

XS
SM
MD
LG