Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:07

"Республика - Ата Журт" Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөөнү сунуш кылат


"Республика - Ата Журт" фракциясы мэр Албек Ибраимовдун отчетун укту. 25-апрель, 2018-жыл.
"Республика - Ата Журт" фракциясы мэр Албек Ибраимовдун отчетун укту. 25-апрель, 2018-жыл.

Бишкек шаардык кеңешиндеги "Республика - Ата Журт" фракциясы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушун жалпы жыйынга алып чыгат. Бул тууралуу ушул фракциянын депутаты Канатбек Мүзүралиев “Азаттыкка” билдирди.

Кечээ ушул эле фракция мэрдин отчетун угуп, аны "канааттандырарлык эмес" деп тапкан. Муну фракция депутаттары шаарда аткарылган иштерге караганда аткарылбай калгандары көп болгону менен түшүндүрүштү. Депутаттар баш калаанын жолун оңдоо начар жүргөнүн, жерлер сатылып кеткенин да мэрдин ишинин начардыгы катары эсептешти.

Мэр мыйзамда жана регламентте "фракцияга отчет берүү" деген жок экенин, фракция мыйзамды бузуп жатканын, бирок отчет берүүдөн качпай турганын айткан.

45 депутаттан турган Бишкек шаардык кеңешинде беш фракция бар. КСДПга 13, "Республика-Ата-Журтка" 12, "Өнүгүү-Прогресске" 8, "Мекеним Кыргызстанга" 7, "Кыргызстан" фракциясына 5 мандат берилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG