Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Райымбек Матраимов өкмөттү сотко берди


Сапар Исаков жана Райымбек Матраимов.
Сапар Исаков жана Райымбек Матраимов.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов "негизсиз жумуштан алды" деп кыргыз өкмөтүн сотко берди. Бул тууралуу мурдагы бажычынын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов “Азаттыкка” билдирди:

- Инимди 23-ноябрда жумуштан алганда биз эч нерсени түшүнбөй калдык. Бул биз үчүн күтүүсүз болгон. Мен ошол замат премьер-министр Сапар Исаковго кирип, жөн-жайын сурагам. Исаков "экс-президент Алмазбек Атамбаев “кызматтан бошот" деп айтты, ошондуктан мен иштен алдым” деди. Атамбаев кийин маалымат жыйынында өзү деле “Матраимовду бошот" деп мен айткам” деди го. Бул маселеде дагы башка жагдайлар бар, алар кийин ачыкка чыгат. Ошондуктан иним Райымбек Сапар Жумакадыровичти сотко берди. Сотко бергенин мен да колдойм, ал өзүнүн актыгын далилдеши керек. Анын сотко кайрылгандагы максаты кызматка кайра келиш эмес, күнөөсүз жумуштан алынганын тастыктоо, - деди Искендер Матраимов.

Депутат Матраимов иниси кайсы сотко арыз жазганын ачыкка чыгарган жок. Ал ошондой эле буга чейин айрым сайттар жазгандай Райымбек Матраимов эч жакка качпаганын, учурда саясатка аралашпай эле спорттук клубун иштетип жатканын белгиледи.

Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан былтыр 23-ноябрда бошотулган. Ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков өз буйругун "анын иши саясий жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзгөн саясатка ылайык келбейт" деп негиздеген.

Матраимов иштен кеткенден кийин быйыл жыл башында Бажы кызматы Ош бажысы күн сайын 15 млн. сом төлөм чогулта баштаганын, мурда болсо болжолдонгон 7 млн. сомдун ордуна болгону 1,5-2 млн. сом гана жыйналганын жарыялаган. Бир тууган Матраимовдор болсо бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө чек аралардын ачылышы, жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө уруксат берилиши сыяктуу объективдүү себептер түрткү болгонун айтып чыгышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG