Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Бүгүн Бишкекте Казакстандын окуу жайларынын жармаңкеси өтөт


Көргөзмөнүн баннери.
Көргөзмөнүн баннери.

Бишкекте Казакстандын алдыңкы университеттеринин билим берүү жармаңкеси башталат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

Анда мектеп бүтүрүүчүлөрү коңшу өлкөнүн окуу жайларына бакалавриат, магистратура жана PhD программалары боюнча окууга тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырылат. Көргөзмөдө ошондой эле эксперттер кайсы окуу жайга тапшыруу ыңгайлуу экенин, бир эле жерде окуп, Казакстан менен Европа өлкөлөрүндүн окуу жайларынын дипломун чогуу алып бүтүрүп чыгуу жөнүндө айтып беришет.

Иш-чарага Казакстандын казакча, орусча жана англисче окуткан бир катар университеттери катышат. Көргөзмө 27-апрелге чейин уланат. (ErN)

XS
SM
MD
LG