Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Өткүрбек Жамшитов башкы прокурор болуп дайындалды


Өткүрбек Жамшитов парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн жыйынында. 24-апрель, 2018-жыл.
Өткүрбек Жамшитов парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн жыйынында. 24-апрель, 2018-жыл.

Өткүрбек Жамшитов Кыргызстандын башкы прокурору болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 26-апрелде кол койгону расмий кабарланды.

43 жаштагы Жамшитовду бул кызматка мамлекет башчы 24-апрелде сунуш кылып, Жогорку Кеңеш колдогон.

Өткүрбек Жамшитов Оштун Кара-Суу районунда туулган. 2015-жылдын июлунан бери Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеген.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева президенттин сунушу менен 11-апрелде кызматынан кеткен.

"Прокуратура жөнүндө" мыйзамга ылайык, бул кызматка курагы 35тен 65 жашка чейин, юридикалык билими, 10 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адам дайындалат. (SE)

XS
SM
MD
LG