Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:45

Чүйдө поезд коюп кеткен адамдын тек-жайы такталууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө беш күн мурун поезд коюп кеткен адамдын тек-жайын жана кырсыктын себебин тактоо иштери уланууда. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык тууралуу милицияга 21-апрелде таңга жуук кабар түшкөн.

Бишкектен Меркени көздөй жүк ташып бараткан поезд Беловодск темир жол бекетине жакын жерде 35-40 жаштардагы кишини коюп кеткен. Ал ошол жерде каза болгон.

Баштапкы маалыматтарга караганда, маркум темир жолго чыгып алган. Чукул тормоз берүүгө карабай, поезд аны сүзүп кеткен.

Окуя тууралуу же каза болгон адам жөнүндө маалыматы барлар милицияга төмөнкү телефондор менен байланышса болот:

0 (312) 35-12-70, 0 (700) 82-05-05, 0 (555) 82-05-05. (SE)

XS
SM
MD
LG