Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:37

Армениянын бийликтеги партиясы оппозиция менен шартсыз сүйлөшүүгө көндү


Оппозиция лидери Никол Пашинян Еревандагы жүрүш учурунда. 25-апрель, 2018-жыл.
Оппозиция лидери Никол Пашинян Еревандагы жүрүш учурунда. 25-апрель, 2018-жыл.

Бийлик партиясына оппозициячыл депутат Никол Пашинян баштаган демонстранттардын кысымы күчөгөн учурда, кечээ кечинде ушундай билдирүү жасалды.

Республикалык партия ошондой эле алардын көптөн берки лидери, мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсянды алмаштыруу ниети бардыгын да ишара кылды.

Ал өткөн аптада премьер-министрдин кызматын тапшырууга аргасыз болгону менен азырынча партиянын лидери катары кала берүүдө.

Республикалык партиянын кечээ кечинде болгон жыйынында алардын парламенттеги фракциясы “кайсы маселе болбосун тараптардын баары менен эч шартсыз талкуулоого даяр экени" макулдашылган.

Мунун алдында азыр нааразылык кыймылын баштап жүргөн “Жарандык келишим” партиясынын лидери, оппозициячыл депутат Никол Пашиниян Еревандагы ири митингде өзүн утурумдук премьер-министр катары дайындоону, мөөнөтсүз шайлоо өткөрүүнү талап кылган.

“Биз Республикалык партиянын элге эч шартсыз багынып беришин талап кылабыз”, - деген Пашиниян жактоочуларын бүгүн да көчөлөр менен жолдорду тороону улантууга чакырды.

Ал ошондой эле эгер Улуттук ассамблея азыр премьер-министрдин кызматын аркалап жаткан Карен Карапетянды бул кызматка бекитүүгө аракеттенсе парламенттин имараты “камоого” алынарын да эскертти. (UE)

XS
SM
MD
LG